Кочкор районунун баш имамынын орун басары Рахат Карабашов кылмыштуулукту алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Кочкор районунун баш имам хатибинин орун басары Рахат Карабашов  Кочкор райондук  РИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери  Надира Эстебесова  менен биргеликте Кочкор айылынын Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу жана зордук-зомбулукту болтурбоо максатында лекция окушту.

Рахат Карабашов окуучуларды кылмыштуулукка барбоого, ичимдик ичүүдөн, зыяндуу заттарды чегүүдөн алыс болууга, рекетчилик максатта салык чогултпоого чакырды. Андан сырткары, ЖӨИИнин кызматкери ата-энелерге салынчу айып пулдар туурасында кеңири маалымат берди.