«Ас Сабур»мечитинин жамааты Кыргызстан Ислам университетинин 50 студентине кышкы кийим таратты

Бишкек казыятынын алдындагы «Ас Сабур» мечитинин жамаатынын атынан Кыргызстан Ислам университетинин 50 студентине кышкы жылуу кийимдер таркатылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда аталган иш-чаранын демилгечиси, мечиттин имам хатиби Талгатбек ажы Эркинбек уулу билдирди.

Анын айтымында, мечиттин жамаатынан кайрымдуу кишилер соопчулук үчүн деп атайын кышкы кийимдерди дагы алып келишкен.

«Студенттер келечектеги адистер, келечектин жетекчилери. Жалпы эл журт студент калкын сыйлап, колдон келген жардамын аябаса, ал элдин келечеги жаркын болот. Ошондуктан студенттерибизди ар дайым колдоого чакырам»,- деди Талгатбек ажы.