Бишкек шаарынын борбордук мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын борбордук мечитин оңдоп-түзөө иштери башталды. Мечиттин сырткы тарабы толугу менен жаңыдан боёлуп, ирээтке келтирилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов билдирди.

«Шаардык борбордук мечит шаардагы алгачкы мечиттерден болуп эсептелет. Бүгүнкү кунгө  чейин мечиттин дааратканасы, мечиттин чатыры толугу менен оңдолуп бүткөрүлдү. Эми мечиттин сырткы дубалдары сырдалып жатат. Ирети менен бардык тарабын жаңылап чыкмакчыбыз»,- деди Эрназар ажы.