Ош шаарындагы “Имам Мухаммадий” мечитинин кыш мезгилине даярдыгы текшерилди

Бүгүн, 24-октябрда Ош шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери шаардагы “Имам Мухаммадий” мечитин текшерүүгө алышып, кыш мезгилине канчалык деңгээлде даяр экенин текшерип чыгышты. Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов мечиттерде китептерге чейин маани берип, дыкат текшерип карап чыкты.

Аталган мечиттин имам хатиби Бактыяр ажы Садыков жана мечит кызматкерлери кыш мезгилине күн мурунтан даярдык көрүшкөнүн, жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн билдиришти.

“Мечит толук түрдө жылытуу системасы менен камсыздандырылып, кошумча эки жылыткыч коюлган. Мечиттин тазалыгы жана шарттары жакшырып, аянты кичине болгондуктан жума окулуучу мечиттердин катарына кирбей калган”,-деди Бактыяр ажы Садыков

Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпысынан 78 мечит бар. Алардын ичинен 41 мечитке жума окууга уруксат берилген.