Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков акимдин орун басары менен жолугушту 

Бүгүн, 24-октябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков Базар-Коргон районунун акиминин биринчи  орун басары Нургазы Нармырзаев менен жолугушту.

Жолугушууда баш имам хатиб райондо болуп жаткан иштер боюнча маалымат берип, алдыда аткарылчу пландары менен бөлүштү.

“Районубузда жаштардын башын бириктирип, аларды билим алууга шыктандырууда атайын жыйындарды өткөрүүнү пландап жатабыз. Мындан тышкары мектеп окуучуларын адептүүлүккө жана адеп-ахлагына көңүл бурууда көчмө тарбиялык сааттарды дагы уюштурмакчыбыз”,-деди Тынчтыкбек ажы Шаиков.

Ал эми акимдин орун басары дин кызматкерлери менен кызматташууга жана пландарын биргеликте ишке ашырууга дайыма даяр экенин билдирди.