Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров Куран жаттоо боюнча биринчи орунду камсыз кылып, умрага жолдомо алган Мухаммаджума Тажибаевди куттуктап, белектерин тапшырды

Ош облусунун Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров Баткенде болуп өткөн Куран сынагында 10 пара Куран жаттоо боюнча биринчи орунду камсыз кылып, умрага жолдомо алган Мухаммаджума Тажибаевди куттуктап, белектерин тапшырды. Мухмаммаджума Кара-Суу районундагы Ак-Өргө окуу борборунда билим алууда.

Ошондой эле, баш имам хатиб Ак-Өргө окуу борборунун жалпы илим алуучуларына Куран китептерин белек кылды.

«Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөнүңөр жана үйрөткөнүңөр. Кара-Суу районунда Куранды үйрөткөн бир топ мекемелер бар, ошолордун ичинен биздин Ак-Өргө окуу борбору кол менен санай турган эң сабаттуу билим берүү борборлордун бири. Мындай борборлордон окуп чыккан балдар мекенибизге кызмат кылып, элибизге динибиздин асыл баалуулуктарын жеткире берсин деген тилектештемин», – дейт баш имам хатиб Абдирашит ажы Батыров.