КМДБнын Аппаратынын иш башкармалык жана чарба бөлөмүнүн башчысы Алимбай ажы Эргешов Ош облусунун мусулмандар казыятын зыярат кылды

Кечээ, 24-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппаратынын иш башкармалык, чарбачылык жана курулуш иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Алимбай ажы Эргешов Ош облусунун мусулмандар казыятына зыярат кылды.

Зыярат учурунда Алимбай ажы Эргешов Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев жана казыяттын кызматкерлери менен жолугушуп, жаңы курулган имараттын тышкы тышкы жана ички жасалгасы менен таанышып чыкты.

«Көп жыл эмгекти талап кылган жаңы  имаратыбыз курулуп бүттү. Бүгүн ушул имарат менен таанышып олтурганыма абдан кубанып турам. Казыяттын мындан ары иштерине ийгиликтерди каалаймын»,- деди Алимбай ажы Эргешов.