«Закария» мечитинин имам хатиби Саади ажы Сулайманов ооруканадагы бейтаптардан кабар алды

Бүгүн, 25-октябрда Бишкек казыятына караштуу «Закария» мечитинин имам хатиби Саади ажы Сулайманов Бишкек шаардык №4-ооруканада дарыланып жаткан бейтаптарга зыярат кылып, алардын ал абалын менен таанышып ооруган адамдын исламдагы даражасы тууралуу айтып берди. Анын билдиришинче, ооруган кишинин күнөөлөрү кечирилет.

«Аллах Таала өзүнүн кулуна ар кандай сыноолорду берет. Бул сыноолор пенденин бекемделишине, чыңалышына жана өнүгүшүнө себепчи болот. Адам баласы ар дайым эле ден соолукта жүрө берсе, кайдыгерликке түшүп, Жаратканды да унута башташы мүмкүн. А бирок ооруган киши эч качан Жаратканды унутпайт. Ооруган кишинин дубалары кабыл болот. Ошондуктан аларды зыярат кылып, көңүлүн сурап батаасын алуу керек»,- деди Саади ажы.