Теплоключенко айылында мектеп жашындагы 300 жетим балага кийим-кече таратылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында мектеп жашындагы 300 жетим балага кийим-кече таратылды. Бул туурасында Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абрахманов билдирди.

“Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара “Адеп-ахлак” кайрымдуулук фонду тарабынан өткөрүлүүдө. Хатибият бул фонд менен кызматташып, бүгүнкү күндө район боюнча 300 мектеп жашындагы жетим балдар-кыздарга кийим-кече таратылып, кубанычтарына шериктеш болуудабыз”,-деди Асантур ажы Абдрахманов.

Аталган фонддун жетекчиси Эрмек Жунушев бүгүнкү күндө фонддун аткарып жаткан иштери, кайрымдуулук акциялары РФнын Якутия шаарында эмгектенип жаткан биртуугандарыбыздын демөөрчүлүгү  менен ишке ашууда. Кийинки жылы Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунан жесир, жалгыз бой энелерди турак үй менен камсыз кылуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.

Иш-чаранын акырында аталган фонддун эмгек жамаатына жана демөөрчүлүк кылган биртуугандардын иштерине ийгилик каалап, дуба кылышты.

Эскерте кетсек, таратылган кийимдин жалпы суммасы 480 000 миӊ сомдү түздү.