«Көлмө» медресеси менен ИСИТОнун студенттери ынтымак мелдешин өткөрүштү

Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресесинин студенттери менен медресеге жакын жайгашкан ИСИТО окуу жайынын студенттери арасында ынтымакты бекемдөө, жакындан таанышуу максатында футболдук мелдеш өтүүдө.

Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда аталган медресенин мугалими Умар ажы Бакиров билдирди. Мындай иш-чаралар эки окуу жайдын карым-катнашын арттыруу, студенттерге ар тараптуу тарбия берүү максатында уюштурулуп келе жатат. Мелдештин жыйынтыгында 15:3 эсебинде «Көлмө» медресесинин студенттери жеңишке жетип, сыйлыктар менен сыйланышты.

«АВЕП» коому  демөөрчүлүк кылып, биз окуу жайлар ортосунда мелдеш өткөрдүк. Медресенин балдарынан спортко жана сергек жашоого кызыгуусуна чоң түрткү болуп берет деген ишеничтебиз. Бардык уюштуруучуларга жана салым кошкондорго терең ыраазычылык билдирип кетем»,-деди Умар ажы Бакиров.