Ысык-Көл облустук казыятынын катчысы Жунус ажы Дюшеков иш-сапары менен Ак-Суу районундук мечиттин курулуш иши менен таанышты

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын катчылык, кадрлар жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Жунус ажы Дюшеков иш-сапары менен Ак-Суу районунун хатибиятынын ишмердүүлүгүнөн кабар алып, бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иштери менен жеринде таанышты.

Анда имамдардын санын тактоо, хатибияттын иш-кагаздарынын жүргүзүлүш тартибин кароо, ошондой эле маалымат бөлүмгө макаланы даярдоонун  жолдору туурасында имамдарга түшүндүрмө берди.

Мындан сырткары Теплоключенко айылында салынып жаткан райондук мечиттин курулуш иштери менен таанышып, алдыда хатибияттын аткара турган иштери туурасында баш имам хатибдин маалыматын алды.