Таласта экстремизм жана терроризмди алдын алуу иштери жүрүүдө

Бүгүн, 25-октябрда Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Экстремизм, радикализм жана терроризм коркунучтарын алдын алуу” аталышында бир күндүк семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Талас облусундагы өкүлү Чынара Осмоналиева, Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басарлары Касым ажы Сыдыков жана Медер ажы Сагынбаев, окуу жайдын мугалимдери катышты.

Жыйын учурунда Касым ажы Сыдыков терроризм жана экстремизмди келип чыгышы, аны алдын алуу жолдору тууралуу кенен маалымат берди.

«Көптөгөн илим адамдарынын пикири боюнча, бүгүнкү терроризмдин түпкү максаты – белгилүү бир жерде стабилдүүлүктү бузуу аркылуу табигый ресурстарды колго алуу жолу менен баюу. Мындайда террористтик уюмдар тарабынан идеология катары колдонулуп, жаштарды өз катарына чакырып, аларды кылмышкерлерге айлантып, өз максаттарына жетүү үчүн пайдаланышат. Мындай учурда калктын билим деңгээли жогору болушу керек”,-деди Касым ажы Сыдыков.   

Ал эми Медер ажы Сагынбаев семинардын катышуучуларына, жаштарга билим алуунун зарылдыгына токтолуп, ислам дининин асыл баалуулуктары тууралуу айтып берди.

“Пайгамбарыбыз хадисинде “мусулман деген бул башка мусулмандар колунан жана тилинен зыян тартпаган болсо, ошол киши чыныгы мусулман болуп саналат” деген. Ошондуктан Ислам дини тынчтыкка моюн сунуу деген маанини билдирет. Момун мусулман ислам динин кабыл алгандан кийин эң биринчи тынчтык деген нерсени бекем карманышыбыз керек”,-деди Медер ажы Сагынбаев.

Семинардын жүрүшүндө студенттер тарабынан суроолор узатылып, жооптор берилди. Мындай иш-чаралар жакынкы арада башка окуу жайларда дагы өткөрүлмөкчү.