Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Кечээ, 24-октябрда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Сайдамир ажы Жээналиев, Кенжетай ажы Курманкожаев, Жакшылык ажы Борочоров, Кабылбек ажы Акматовду кабыл алды.

Жолугушуу учурунда алгач АКнын мүчөлөрү Баткен облусунун мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, облус аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшү тууралуу маалымат алышты.

Андан соң Баткен облусундагы медресе жана мечиттердин ишмердүүлүгүн текшерүү, Ханафи мазхабынын туура жайылышы, экстремизм, терроризм боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди дагы да жандандырып, элге акыйкат маалыматты өз убагында жеткирип туруу маселесин айтышты.