Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Баткен районундагы медреселердин ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Сайдамир ажы Жээналиев, Кенжетай ажы Курманкоджаев, Жакшылык ажы Борочоров, Кабылбек ажы Акматов кечээ, 24-октябрда Баткен облусундагы  иш сапарынын алкагында Баткен районундагы «Нур» Куран жаттоо медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Студенттер менен жолугушууда  Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн  билим алуу учурундагы абалга токтолушуп, ал учудагы жана азыркы мезгилде билим алууга түзүлгөн шарттар туурасында  айтып, өлкө келечеги болгон жаштарга илим алуу эки дүйнөдө жарык берүүчү шам чырак экендигин белгилеп өтүштү.

Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү медресе көйгөйлөрүн угушуп,  аны чечүү үчүн жалпы жыйында карап берүү убадаларын айтышты.