Кызыл-Кыяда жаштар арасында Куран жарышы болуп өттү

Бүгүн, 25-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жаштар арасында Куран окуу боюнча жарыш өттү. Кызыл-Кыя шаардык хатибияты тарабынан уюштурулган сынакка дин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Куран жарыштын соңунда 1-2-3 орундарга ээ болушкан жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга Кызыл-Кыя шаардык хатибияты тарабынан атайын белектер берилди.

Белгилей кетсек, иш-чарага жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен ишке ашырылган.