Ноокат районун баш имам Хатиби Музаффар ажы Турдубаев имамдарга жыйын өткөрдү

Бүгүн, 25-октябрда Ош облусунун Ноокат районун баш имам Хатиби Музаффар ажы Турдубаев мамлекеттик  тил күнүнүн 30 жылдыгына карата райондогу мечит имамдарына жыйын өткөрүштү.

Анда имамдардын аткарып жаткан иштерин угуп, мечиттерге илинген көрнөк-жарнактарга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

«Тил менен  байланган маселе тиш менен чечилбейт. Чыныгы мусулман берген убадасын аткарат. Бардык мечиттерибизде жума кутбалары регламенттин негизинде кыргыз тилинде болууда. Мечиттерде илинип турган жарнамалар жана ар кандай иш кагаздар мамлекеттик тилде гана болуусу кажет», — деди  Музаффар ажы Турдубаев.