Сүлүктүнүн баш имам хатиби шаардык прокуратуранын кызматкерлери үчүн курулган батирлердин ачылыш аземине  катышты

Баткен облусундагы Сүлүктү шаардык прокуратурасынын кызматкерлери үчүн курулган батирлердин ачкычтары тапшырылды. Иш-чарага Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Артык ажы Мадаминов катышып турак жай ээлеринин жаңы өргөсү менен куттуктап, ак батасын берип дуба кылды.

Ошондой эле иш-чарага облус жетекчилиги, аким, прокурорлор жана жергиликтүү айыл аксакалдары катышты.

Маалыматка ылайык имарат, 2018-жылдын 1-ноябрында курулуп баштаган. Үйдө 3 бөлмөлүү 1 батир жана 2 бөлмөлүү 2 батир бар.