Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев иш-сапары менен Нарын шаарында болду 

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Нарын шаарына иш-сапары менен келип, облус жетекчилиги менен жолугушту. Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Асизов Касен Асизович кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Жыйынга Нарын ОИИБнын жетекчиси Улан Алиев, Нарын шаарынын мэринин орун басары Курманов Давид Үсөнбекович, Дин иштери боюнча мамлекеттик коммисиясынын Нарын облусундагы өкүлү Айсалкын Карасартова, Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев жана башка бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын облусундагы диний кырдаал, Нарын казыятынын жана медресесинин ишмердүүлүгү туурасында сөз болуп, жетекчилик тарабынан алкоого татыды. Андан соң ИИМдин жетекчилиги Нарын казыятынын көмөктөшүүсү менен экстремизмдин жана суициддин алдына алууга багытталган роликтерди тартып жатышканын кошумчалады. Жана башка бийлик өкүлдөрү Нарын казыятынын жана аймактардагы ага караштуу диний мекемелер менен кандай кызматташып жаткандыгы туурасында Аалымдар Кеңешинин төрагасына учкай маалымат беришти.

Андан соң Абибилла ажы Кадырбердиев Нарын шаарынын 64 аймагындагы “Билал бин Рабах” мечитинде жума баян кылды. Мечитке келген жарандарга “ысырапкерчилик” тууралуу баяндамасын жасап, элди ыксыз ысырапкерчиликтен алыс болууга, каражатты туура пайдаланууга чакырып, жума намазын алып барды.

Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин төрагасы Нарын облусундагы райондук баш имам хатибдер менен бирге жыйын өткөрүп, аймактардагы мечиттерде жана хатибияттардагы көйгөйлөрдөн кабар алды. Бул жыйында сунуш-пикирлер айтылып, айрым маселелер эске алынып, Аалымдар Кеңешинин жыйынында каралмакчы болду.

Аны менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев убактысын бөлүп, Нарын медресесинин студенттерине билимдин баалуулугу деген теманын айланасында сабак өтүп, окуучуларды эмгекчилдикке үндөдү.