Сокулуктагы Ынтымак жаңы конушунда намазкана ачылды

Чүй облусунун  Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүндөгү Ынтымак жаңы конушуна 70 орунду жаңы намазкана элге пайдаланууга берилди. Бул тууралуу кечээ, 27-октябрда Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев билдирди.

«Ынтымак жаңы конуш болгондуктан намазкана өтө керек эле. Намазкананы бардык шарттары менен заманбап кылып «Ас-Санабил» фонду каржылап, аягына чейин бүтүрүп беришти. Бул жагымдуу саамалыктын ачылыш аземине жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер, демөөрчүлөр жана айыл тургундары катышышты. Ынтымак жаңы конушунун эли демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билгизип, сый белектерин тапшырышты», — дейт баш имам хатиб Икрам ажы Ырысбаев.