Бишкектеги «Мусакан Төрө» мечитинде теннис боюнча мелдеш өткөрүлдү

Кечээ, 27-октябрда Бишкек шаардык казыятына караштуу «Мусакан Төрө» мечитинин жамаатындагы жалпы каалоочулар үчүн теннис боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин негизги максаты жамаат ичинде ынтымакты бекемдөө жана сергек жашоого үндөө болуп саналат.

Иш-чаранын уюштуруучусу аталган мечиттин наиб имамы Муктар каары Асоевдин айтымында, катышуучулардын саны арбын болуп мелдеш жогорку деңгээлде өттү.

«Биздин мечитке келип намаз окуган, Куран үйрөнгөн же аз болсо да катыштыгы бар кишилер келип катышты. Пайгамбарыбыз САВдын хадистеринде «күчтүү мусулман алсыз мусулмандан артыгыраак болуп»,-деп айтылгандай бардык мусулман бир туугандарды ден соолук үчүн спорттун бир түрү менен машыгууга чакырып кетем»,- деди Муктар каары.