Манас районунун борбордук мечити ишке берилди (фото)

Талас облусунун Манас районунун Паровка айылында жаңы заманбап Манас районунун борбордук мечити ишке берилди. Мечит Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаевдин демилгеси жана Катар мамлекетинин атуулдары тарабынан каржыланып, энесинин урматына мечиттин атын “Бахита солих Аль-Марри” деген ат ыйгарылды.

Мечиттин ачылыш аземине Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев, Талас облусунун ыйгарымдуу укуктуу өкүлүнүн орун басары Канымет Осмонбеков, Манас районунун акими Бектеналы Дүйшөбаев жана айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев мечитке демөөрчүлүк кылган демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди.

“Мечит – бул жалгыз Жараткан Аллага кулчулук кылууга даярдалган имарат. Азирети Пайгамбарыбыз (САВ) ар дайым мечитке барып турууга үндөгөн. Алланын Элчиси мындай дейт: «Ким Алланын ыраазылыгы үчүн бир мечит салса, Алла Таала ал адамга бейиштен бир кансарай даярдайт»-деп. Мындан улам бул мечитке демөөрчүлүк кылган инсандарыбызга ыраазычылыгымды билдирем»,-деди Таалайбек ажы Бапиев.