«Ак-Жар» жаңы конушунда мечит жамаатынын ынтымагын бекемдөө максатында кичи футбол уюштурулду

Кечээ, 27-октябрда «Ак-Жар» жаңы конушунда Бишкек казыятынын алдындагы «Хафиз уулдары» мечитинин имам хатиби Уланбек каары Курманбаев жалпы жамааттын ынтымагын бекемдөө максатында  кичи футбол боюнча мелдешин өткөрдү.

Мелдешке мечиттин жамааты, айыл өкмөт кызматкерлери жана жаңы конуштагы намазканалардан топтор катышты.

«Жаңы конушубуздагы жашаган жашоочуларды бири-бири менен жакындан таанышуу максатында аракеттерди жасап келе жатабыз. Ислам дини ынтымактын, биримдиктин жана көмөктөшүүнүн дини болуп эсептелет. Азыркы заманда мусулман киши жамаат менен чогуу болсо ыйманын куткаруу жеңил болот. Анткени жалгыз кишиге шайтан ар кандай пикирлери берээри маалым. Ошондуктан мындан ары да байма-бай мындай иш-чараларды уюштуруп турабыз»,- деди Уланбек каары.