Лейлек районунун баш имам хатиби Баткен коогалаңына катышып, курман болгон жоокерлердин эскерүү иш-чарасына катышты

Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңына катышып, курман болгон жоокелер эскерилди.

Баткен окуясынын 20 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага Лейлек районунун имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев, Баткен коогалаңынын жапа чеккен маркумдардын жакындары, Лейлек районунун мекеме-ишканалардын жетекчилери, дин кызматкерлери катышты

Катышуучулар » Эрдиктер эстен кетпейт» аталышындагы эскерүү күнүндө, каза болгон ата-бабаларыбыздын жаркын элесине багыштап Куран окуп, дуба кылышты.