Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кызыл-Булак айылында элдик ашар жолу менен курулган заманбап медресенин ачылышына катышты

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында элдик ашар жолу менен курулган заманбап “Ак-Эшан Ата” атындагы медресеси   ишке берилип,  салтанаттуу ачылыш аземге Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков,  Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, жергиликтүү тургундар ошондой эле коноктор  катышты.

Окуу жайдын ачылыш салтанатында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы катышуучуларды медресенин  ачылышы менен куттуктап, медресе улуу максатта курулуп, келечек муундарга Ислам баалуулуктарын, бийик маданиятты, адамдык асыл сыпаттарды үйрөтүү менен  ата-энени урматтоону негиз кылган чоң тарбиялык мектеп болоорун белгиледи.

Ал эми КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков куттуктоо сөзү менен бирге медресенин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өткөндүгүн тастыктаган күбөлүгүн тапшырды. Андан соң жалпы коноктор медреседе түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты.

Медреседе окуу бөлүмүнөн сырткары  даараткана, ашкана жана жатакана, замбанбап шартта курулуп берилген.