Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев Чоң-Алайда курулуп жаткан медресенин курулуш иши менен таанышты

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев Чоң-Алай районунда курулуп жаткан медресенин имаратынан кабар алды. Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата өткөрүлдү. Аталаган иш-чарага казынын орун басары Нурбек каары Орунбаев, Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков катышты.

Имарат эки кабаттан турат. Чоң-Алай районундагы 1983-жылы туулган балдардын демөөрчүлүгү алдында курулуп жатат. Ал эми дарбазасын 82-жылы туулган балдар тосуп беришкен.

«Күндөн-күнгө демөөрчүлөр өзүбүздүн эл болуп баратканы мени кубантты. Мындан көп убакыт өтпөй эле Алай ройонунда мечит салынган. Эми мына Чоң-Алайда эки кабаттан турган медресе курулуп жатат. Ушундай кайрымдуу жаштарыбыздын катары күндөн-күнгө көбөйө берсин», — деди облус казысы Самидин каары Атабаев.

Эскерте кетсек, Чоң-Алай районунда алгачкы жолу медресе курулуп жатат.