«Лукман Аль-Хаким» ислам институтунда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү

Кечээ, 28-октябрда Токмок шаарындагы «Лукман Аль-Хаким» ислам институтунда мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов, Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов, «Лукман Аль-Хаким» ислам институтунун мүдүрү Лугмар ажы Гуахунов, Чүй казыятынын кызматкерлери, имамдар жана «Лукман Аль-Хаким» ислам институтунун студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов мамлекеттик тилдин зарылдыгына токтолуп, тил – бул эл байлыгы экенин баса белгиледи.

«Урматтуу имамдар жана иш-чаранын катышуучулары! Мамлекеттик тилди барктоо, сыйлоо, өнүктүрүп-өстүрүү мамлекет кызматкерлеринин эле иши эмес. Бул кыргыз жарандарынын бардыгынын милдети. Канча тил билсең, сен ошончо байсың. Андыктан, имамдар, медресе кызматкерлери! Баяндарыбыз кыргыз тилинде болсун. Кыргыз тилинин маданиятын үйрөнөлү», — деди Руслан ажы Жумагулов.

Иш-чара алкагында катышуучулардын ар бирине сөз берилип, студенттердин атайын эне тилдин улуулугун даңазалаган сахналаштыруу менен жыйынтыкталды.