Чоң-Алайда райондук баш имам хатибтер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ош облусунун Чоң-Алай райондук хатибиятында райондук баш имам хатибтердин ортосунда волейбол боюнча достук мелдеши өткөрүлдү. Аталган спорттук оюндун ачылышына Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев катышты.

Аталган мелдеште алты тайпа күч сынашты жана жыйынтыгында 1-орунду Өзгөн, 2-орунду Кара-Кулжа камсыз кылса, 3- орунду Нокаат районунун дин кызматкерлири ээледи. Мелдештин негизги максаты жамаат ичинде ынтымакты бекемдөө жана сергек жашоого үндөө болуп саналат.

«Максат жеңүү эмес, ден соолукту чыңдоо. Бизден мурункулар бекеринен айтпаса керек «Күн тийбеген үйгө врач кирет» деп. Күн тийбеген жерде олтура берген ден соолукка терс таасирин тийгизет», — деди облус казысы Самидин каары Атабаев.