Ош облустук мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев «АВЕП» коомдук  фондунун жетекчиси Токонов Нурланбек менен жолугушту

Бүгүн, 28-октябрда Ош облустук мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев «АВЕП» коомдук  фондунун жетекчиси Нурланбек Токонов, «АВЕП» окуу долбоорунун жетекчиси Нарынбек Кыдырмышов менен жолукту. Жолугушуунун алкагында аталган фонддун жетекчиси Казыяттын жаңы имараттуу болушу менен куттуктап, өз белектерин тапшырды.

Нарынбек Кыдырмышов  казыяттын мындан ары иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап, эки тараптуу кызматташтык мындан арыда дагы өнүгө берээрин кошумчалады.

Ал эми облус казысы «АВЕП» коомдук фонду менен дайыма иштешип келгенин, аталган коомдук фонд медересе жаштарын окутуу долбоорлорун ишке ашырууда жигердүү иштерди баштаганын кошумчалады.