Атын атагысы келбеген ишкер Кара-Суу районундагы «Абдыжапар»  атындагы мечиттин айланасына асфальт төшөп берди

Кечээ, 27- октябрда атын атагысы келбеген ишкер Кара-Суу районуна караштуу 1500 орундуу «Абдыжапар» атындагы мечиттин айланысын асфальттап берди. Кайрымдуулук иштерине кайдыгер карабаган инсандын иши менен Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев, мечит имамы Абдисами Бекмуратов менен биргеликте жеринде таанышып, күбө болуп болду.

«Мечит мындан дээрлик бир жыл мурун курулган эле. Бүгүн атын атагысы келбеген бул ишкердин кызматкерлери асфальт төшөп берди. Кеминде 20 тоннадай асфальт сарпталды», — деди Нурбек каары Орунбаев.