Кара-Кулжанын баш имам хатиби Дастан ажы Мамаев окуучуларды адептүүлүккө чакырды

Бүгүн, 28-октябрда Ош облусунун Кара- Кулжа районунун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаев «Касымалы Жантөшөв» атындагы орто мектебинин окуучуларына «Ата-эне жана мугалимди урматтоо» деген темада тарбиялык саат өттү.

«Эң оор жүктү эне гана көтөрө алат. Тогуз ай курсагында, бир жыл кучагында, үч жыл колунда жана өмүр бою жүрөгүндө. Эң пазилеттүү амал өз убагында кылынган намаздан кийин эле ата-энени урматтоо экенин унутпагыла», — деди райондун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаев.