КМДБнын маалымат бөлүмү Чүй облусунун имамдарына 2 күндүк окуу семинарын өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев 26-27-октябрда Чүй облусундагы Сокулук, Жайыл, Ысык-Ата, Кемин районун борбордук мечитинде облус аймагындагы жалпы имамдарга 2 күндүк окуу семинарын өткөрдү.

Окуу семинары элеттеги дин кызматкерлеринин маалыматтык базасын жогорулатуу, Казыяттын маалымат кызматкерлеринин тажрыйбасын өркүндөтүү максатында өткөрүлдү.

Семинар учурунда КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев дин кызматкерлеринин маалымат чөйрөсүндө социалдык тармактар менен иштөөсү жана журналисттердин басма сөз каражаттарына карата сурамжылоосу тууралуу лекция окуду.

Соңунда имамдар окуу семинары пайдалуу болгонун, мындай тренингдерди дайыма уюштуруу керектиги боюнча өз сунуштарын беришти.

Эскерте кетсек, аймактарды Казыяттардын маалымат кызматкерлерин ишмердүүлүгүн жеринен таанышуу жана имамдардын маалымат чөйрөсүндө билим деңгээлин жогорулатуу боюнча окуу семинары буга чейин Баткен облусунун имамдарына өткөрүлгөн эле.