«Мекке» мечитинин имам хатиби И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университеттин студенттери менен жолугушту

Бүгүн, 28-октябрь күнү Бишкек шаардык казыятына караштуу «Мекке» мечитинин имам хатиби Урматбек каары Султанов Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы теология колледжинин студенттери менен жолугушуп, Ислам баалуулуктары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Анын айтымында, азыркы жаштарга Ислам дининин баалулуктарын жеткирүү өтө маанилүү жана керектүү нерсе болуп эсептелет.

«Жаштар- мөмө бере турган дарак сыяктуу. Жаштыгында эмнени алса чоңойгондо ошондой түшүм берет. Биз студенттерибизди Ислам дининин ыйыктыгын, Исламдын алмашкыс баалуулуктары менен сугарышыбыз керек. Анткени Ислам дини адамгерчиликтин, жардамдашуунун жана тынчтыктын дини болуп эсептелет»,-деди Урматбек каары.