Майлуу-Суу шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата жыйын болуп өттү

Бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын кичи залында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата жыйын болуп өттү.

Аталган иш-чарага шаар мэри Н.А.Маматов, калаанын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков жана дин кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Жыйындын алкагында катышуучулар кыргыздын басып өткөн тарыхын баяндашып, эгемендүүлүктүн кадырын билип, ар бир жаран өз мекенин сүйүүгө чакырышты.