Лейлек районунун хатибиятынын кызматкери «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага катышты

Бүгүн, 6-ноябрда Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын борбордук аянтында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү, кыргыз элинин жашоо-турмушундагы маанилүү тарыхый окуяларына, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүүгө арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Лейлек райондук хатибиятынын кызматкери Исраил уулу Тургунбай каары, Лейлек районунун мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери, дин кызматкерлери катышты.

Хатибият кызматкери ата-бабаларыбыздын жана бүгүнкү бакубат турмушту негиздеген, элибиздин атын жана байыркы тилибизди кылымдар бою сактап келген, эгемендүү Кыргыз Республикасын түзүүгө жана бекемдөөгө жол ачкандардын жаркын элесине багыштап Куран окушуп, дуба кылышты.