Кызыл-Кыяда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында бүгүн, 6-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Кожониязов Мукадас ажы билдирди.

Анын айтымында, калаада Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленип, ага шаар жетекчилери, шаардык депутатардын катышуусунда тарыхый инсандарды эскерилип, маркумдарга багышталып Куран окулду.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет.