Баткендеги медресе кызматкерлерине ишкерликтин сырлары үйрөтүлдү

Бүгүн, 6-ноябрь Ош шаарындагы “Баяна” мейманканасында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана АВЕП коомдук фонду тарабынан медресе кызматкерлерине тренинг өттүлдү. Бул тууралуу Кадамжай районундагы «Имам Азам» медресесинин мүдүрү Ысмаил Сайназаров билдирди.

Анын айтымында, иш-чара “Медресе жаштарын кесипке окутуу” долбоорунун алкагында уюштурулуп, ага түштүк аймагы боюнча 18 медресе кызматкеркери катышты.

Тренингде “Бизнести пландоо”, анын иш жүзүнө ашыруунун жолдору, ишкерликтин сырлары тууралуу пайдалуу маалыматтар айтылды.

Тренингдин жыйынтыгы менен ар бир медресе долбоор алкагында алган жабдууларды иштетип, киреше табуу максатында бизнес-план иштеп чыгышмакчы