Ош шаарында балдардын жүрүм-турумун көзөмөлгө алуу боюнча жыйын болуп өттү

Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарынын Туран Муниципалдык аймактык башкармалыгында (МАБ) кыргызстандык жарандардын балдарынын окуусу, жүрүм-турумун көзөмөлгө алуу боюнча жыйын болуп өттү.

Иш-чарага мечит имамдары, мектеп директорлору, квартальный комитеттин төрагалары, муниципалдык башкармалыктын кызматкерлери жана укук коргоо органдары катышты.

Аталган жыйында Ош шаардык мэриясынан социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Алишер Ажибаев дин кызматкерлери элдерге үгүт-насаат айтып, таалим-тарбияны жакшыртууда салымы чоң экенин билдирди. Мындан кийин дагы тынымсыз эл менен тыгыз кызматташуу керектигин баса белгиледи.