Исакбай Мурзабеков: Ислам дининде улуту боюнча басмырлоо, бөлүп-жаруу, тепселөө жана кордоо сыяктуу терс көрүнүштөр жок

Кечээ, 6-октябрь күнү Ош облусунун мусулмандар казыятында КР Дин иштери боюнча  комиссиясынын түштүк аймак боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата казыят кызматкерлери, медресе окутуучулары жана илим талап кылуучу студенттерге чакан семинар өткөрдү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, окуу бөлүмүнүн жетекчиси Акжол ажы Бакиров, курулуш жана мечит адиси Абдумалик Турсунбеков жана райондун баш имам хатибдери катышты.

Иш-чарада облус казысы Самидин каары Атабаев улуу муундардан үлгү алуу менен  алардын калтырып кеткен асыл сөздөрүн эстен чыгарбоо керектигин билдирди.

Ал эми Исакбай Мурзабеков тарыхтан бүгүнкү күнгө чейин тилдин өнүгүүсү, калыптануусу, жазуу эрежелеринин калыптануусу, эски булактарда кыргыз тилинин сакталуусу жана бүгүнкү күндө колдонулуусу, шарияттын негизинде улут жана тил маселеси тууралуу бир канча маалыматтарды берди. Ошондой эле мамлекеттик тилди көздүн карегиндей  сактоого жана туура колдонууга чакырды.

 «Аллах кереметтүү Кураны Карим китебинде адамзатты бири-бирин таанып билүүсү жана мамиле куруусу үчүн ар түрдүү өңдөн, түстөн жана тилден жараттык деп айтып жатат. Демек, Ислам дининде улут түшүнүгү бар. Демек Ислам дининде улуту боюнча басмырлоо, бөлүп-жаруу, тепселөө жана кордоо сыяктуу терс көрүнүштөр жок», — деди  Исакбай Камалович.