Баткен медресесине заманбап ашкана курулууда

Баткен шаарында жайгашкан «Баткен» медресесине  заманбап шарттары менен ашкананын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу медресе мүдүрү  Абдурашид ажы Юнусов билдирди.

Анын айтымында, медресе студенттерине ыңгайлуу шарт түзүү үчүн жергиликтүү шаардагы жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен заманбап ашкана ачылмакчы. Учурда дубалдары бүтүп калды. Ошондой эле жеке ишкерлердин колдоосу менен медресенин айланасы дубал болуп тосулду.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 10 медресе өз ишмердигин жүргүзүп келүүдө.