Ош облусунун мусулмандар казыятында диний окуу жайларды бирдиктүү электрондук системага өткөрүү боюнча жыйын болду

Кечээ, 11-ноябрда Ош облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында түштүк аймагы боюнча медресе жана диний окуу борборлордун мүдүрлөрүнө жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, окуу бөлүмүнүн адиси Куштарбек ажы Маматов жана казыят кызматкерлери, медересе мүдүрлөрү катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, жалпы медресе жана окуу борборлордун жылдык планы, өткөн жылдын артыкчылык жана кемчиликтери, келээрки жылда өтүлүүчү жаңы окуу программалары, медреселерге сунушталган окуу предметтеринин саны, жана диний окуу жайлардын электрондук системага өтүү боюнча даярдыгы каралды.

Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, элибизге Ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүүдө, жаштарды адептүүлүккө чакырууда диний окуу жайлардын салымы чоң экенин баса белгилеп, алардын ишине ийгиликтерди каалады.

Ал эми КМДБ диний окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси Акимжан ажы Эргешов, медересе жана диний окуу борборлордун саны жылдан-жылга өсүп жатканынын, аларды электрондошторуу иштери баштала турганын кошумчалады.