«Ала-Тоо» медресесинин студенттери Бурана мунарасын зыярат кылышты

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылындагы «Ала-Тоо» медресесинде «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнү белгиленди. Иш-чарага утурлай медресенин студенттери жана окутуучулары Чүй районундагы Бурана мунарасын зыярат кылып келишти. Бул тууралуу медресенин окутуучусу Рахматулла каары Бекмурадов билдирди.

Анын айтымында, зыярат өтө кызыктуу өтүп, студенттерге Бурана мунарасынын тарыхы тууралуу маалыматтар берилди.

«Тарыхы бар эл эч качан жоголбойт. Бизге чейин ушул аруу динди биздин ата-бабаларыбыз сактап келген. Ата-тегин билип жүрүү – бул кыргыздын эле эмес, балким шариатыбыздын да талабы. Ошондуктан тарыхыбызды, ата-бабаларыбызды дайыма эскерип, алардын эрдигин эч качан унутпашыбыз керек», — деди Рахматулла каары Бекмурадов.

Бурана – Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик, мунара. Чүйдүн Токмок шаарынан 15 чакырым түштүк-батышта, Дөңарык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара 11-кылымдын башында курулган.