Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаевге «Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды

Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук администрациясынын чоң жыйындар залында өспүрүмдөргө туура тарбия берүү жана алардын укугун коргоо боюнча жыйын өткөрүлдү. Аталган жыйынга Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев, район акими Дамир Иманалиев, РИИБ, УКК, айыл өкмөт башчылары, аксакалдар, имамдар катышты.

Иш-чара учурунда дин чөйрөсүндө коомчулук менен активдүү кызматташып, Ислам дининин нукура маданиятын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн, Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаевге “Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

Район акими Дамир Иманалиев сыйлыкты өз колу менен тапшырып, Абдыразак ажынын ишине ийгилик каалады. “Сиздин сыйлык жалпы облустун сыйлыгы. Ардактуу аксакалыбыз болуп, ар дайым кеңешиңизди айтып, бизге туура багыт, акыл-насаатыңызды айтып жүрө бериңиз”,- деди район акими.