Жалал-Абад облустук казыятынын жаңы идарасы ишке берилди

Кечээ, 11-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын жаңы идарасынын расмий ачылыш салтанатына катышты.

Иш-чарага ЖК депутаты Айнура Осмонова, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаар мэри М.Тагаев, облустук казылар, район жана шаарлардын имамдары, жергиликтүү тургундар катышты.

Идара ачылышында Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз ажы Закиров казыяттын ачылышында курулушка кеткен каражат демөөрчүлөрдүн жардамы менен бүткөрүлгөнүн айтты.

Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ислам дининин асыл баалуулуктарына токтолуп, казыяттын коомдогу ордун белгилеп, облус казысы Абдулазиз ажы Закировду элдин биримдигин, ынтымагын, жаштарды адеп-ахлакка чакырууга кошкон салымы үчүн ардак грамота менен сыйлады.

“Эл менен бийлик ортосундагы кызматташууну бекемдөөдө, экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө, элибизге диний баалуулуктарды жайылтууда жана диний сабатсыздыкты жоюуда жаңы казыяттын ээлеген орду чоң. Буга чейин бир ай мурун Ош облустук казыятынын жаңы идарасын ачкан элек. Эми кийинки жылдын жаз айларында Ысык-Көл облустук казыятын ачмакчыбыз”,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов казыяттын ачылышы менен облус казысын куттуктап, дин кызматкерлерин, казыятты ысырапкерчилик менен чогуу күрөшүүгө чакырды.

 “Мамлекеттик дин саясатын элибизге туура жеткирүүдө, калкыбыздын руханий баалуулуктарын өркүндөтүүдө, жаңы казыяттын имараты өбөлгө түзүп бермекчи. Эми биз дин кызматкерлери менен биргеликте ысырапкерчилик менен күрөшүүбүз керек. Бул нерсеге динибиз дагы, салтыбыз жол бербейт. Жер-жерлерден дагы ушул маселеге байланыштуу түрдүү арыздар келип түшүүдө. Мындан улам облустук казыят көмөк көрсөтөт деп ишенебиз”,-деди Зайырбек Эргешов.   

Иш-чаранын соңунда келген коноктор өз белектерин облус казысына тапшырышып, Жалал-Абад облустук казыятынын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалашты.

Маалымат иретинде айта кетсек, Жалал-Абад облусунун жаңы казыятынын идарасынын курулушу 2018-жылдын март айында башталган. Ага 130 миң доллар каражат жумшалган. Заман талабына жооп берген эки кабаттан турган имаратта жыйындар залы, мечит, 7 бөлмө жана дааратканасы бар. Ал эми казыяттын мурунку эски имараты балдар, айымдар үчүн окуу борбору катары ишке берилмекчи.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 634 мечит, 9 медресе, бир Ислам институт бар.