КМДБнын маалымат бөлүмүнүн кезектеги окуу семинары Ош шаарынын имамдарына өткөрүлдү

Ош шаарындагы борбордук «Сулайман Тоо» мечитинин жыйындар залында Ош шаарындагы жалпы имамдарга бир күндүк окуу семинары өткөрүлдү.

Иш-чара имамдардын маалыматтык базасын жогорулатуу жана Казыяттын маалымат кызматкерлеринин тажрыйбасын өркүндөтүү максатында уюштурулган.

Семинар учурунда КМДБнын маалымат бөлүмүнүн кызматкерлери дин өкүлдөрү маалымат чөйрөсүндө социалдык тармактар менен иштөөсү, анын зыян жактарын коомчулукка жеткирүү, маалыматты туура жана так жазуунун жолдорун кызыктуу оюндар менен көрсөтүп, атайын даярдалган 4 слайд шоуну чоң экранда көрсөтүп беришти.

Жыйынтыгында имамдар мындай окуу семинары буга чейин болбогонун, маалымат жиберүүдө кетирген катачылыктарынын үстүнөн иштей турганын баса белгилешти.

Эскерте кетсек, КМДБнын маалымат бөлүмү ушундай эле окуу семинарын буга чейин Чүй, Баткен облусунун имамдарына өткөргөн. Эми калган облусттарга уюштурулмакчы.