Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Лейлектеги «Абдураим кызы Убадат» атындагы окуу жана билим берүү маданий борборунун ачылыш аземине катышты

Баткен облусунун Лейлек районундагы Ай-Көл айылында бүгүн, 12-ноябрда  «Абдураим кызы Убадат» атындагы окуу жана билим берүү маданий борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкери Фурхат Адылбек уулу, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Баймурат Бекмуратов, Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев жергиликтүү тургундар жана коноктор катышты.

Окуу борбор Лейлек районунун тургуну Исманали Жороев өздүк каражатынын негизинде курулуп, анын тайенесинин ысымы ыйгарылды.

Борбор 30 балага ылайыкташып, окуучулар үчүн уктоочу бөлмө, сабак үчүн бөлмөлөр, мугалимдер канасы, тамактануучу жай, даараткана менен камсыз болуп, окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.