Ош облусунун имамдарына 3 саатка созулган окуу семинары өткөрүлдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Ош облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында, маалымат даярдоонун жолдору жана аны коомчулукка жеткирүүдө эмнеге көңүл буруу керектиги боюнча 3 саатка созулган окуу семинарын өткөрдү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, облус аймагында 40 га жакын имамдар жана медресе мүдүрлөрү катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, семинардын жүрүшүндө КМДБнын маалымат бөлүмүнүн адистери имамдардын маалымат базасын бекемдөө максатында сүрөттөр менен иштөө жана редактирлөө, маалымат жазуунун жолдорун, соцтармактар менен иштөө жана анын зыян жактарын коомчулукка жеткирүү боюнча кенен маалымат беришти.

Жыйынтыгында Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев мындай окуу семинары өз жемишин берээрин белгилеп, буларды айтты.

«Үч жарым саат кантип өткөнүн деле байкабай калдым. Семинар статистикалык аргументтер менен коштолуп, эмненин айтышса, бардыгы эсимде сакталып калды. Тилекке каршы бул семинарга жолдун узактыгына келе албай калган имамдарыбыз болду. Алар үчүн дагы ушул семинарды өткөрүп берүү үчүн КМДБ кайрылмакчыбыз»,-деди Нурбек каары Орунбаев.