Кара-Суу районунун Папан айылдык аймагында заманбап мечит пайдаланууга берилди

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылдык аймагында узундугу 16, туурасы 8 метрди түзгөн заманбап курулган мечиттин ачылыш аземи болуп өттү.  Мечиттин жанында  окуу борбору жана имамы үчүн атайын бөлмөсү да бар.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов, Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, мечит имамдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, андан соң келеген коноктор өздөрүнүн куттуктоолорун айтышты. Аалымдар Кеңишинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов мечит элибиздин диний баалуулуктарын жайылтуунун очогу экенин баса белгиледи.

Ал эми Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, жергиликтүү элди жаңы мечити менен куттуктап, ага салым кошкон бардык жараандарга ыразычылыгын билдирип, Папан айылдык аймагындагы жалпы имамдарына өзүнүн белегин тапшырды.