Лейлек районунун баш имам хатиби улут аралык ынтымакты бекемдөөгө чакырды

Баткен облусунун Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев  Бешкент жана Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн имамдарына чакан жыйын өткөрдү.

Жыйында Лейлек районунун баш имам хатиби  имамдарды Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Баткен казыяты тарабынан берилген тапшырмаларды, буйруктарды өз убагында так аткарууну милдеттендирди.

Ошондой эле жаштар, аялдар жана  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жигердүү иштөөгө чакырып, улут аралык ынтымакты бекемдөө багыттында иш аракеттерди жүргүзүү зарылчылыгына токтолду.

Ал эми имамдар берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууга убада беришип, дин жана коомчулук тарабынан берилген суроолорду узатышып, баш имам хатиб тарабынан жоопторду алышты.