«Көлмө» медресесинин студенттерине «Тиричилик жабдууларын оңдоочу жана слесарь-электрик» кесиби боюнча сертификаттар тапшырылды

Бишкек шаарынын «Көлмө» медресесинде жаштарды кесиптик шыктарга окутуу боюнча долбоордун экинчи баскычы аяктап, анда 15 балага «Тиричилик жабдууларын оңдоочу жана слесарь-электрик» кесиби боюнча сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу аталган медресенин окутуучусу Умар Бакиров билдирди.

Анын айтымында, окуу курсу «АВЕП» коомдук фонду тарабынан каржыланып, студенттер акысыз кошумча кесипке ээ болушту.

«Медресебиз бир гана диний билим берүү менен чектелип калбастан студенттерди ар тараптуу кесипке ээ болуу максатында тиричилик буюмдарын оңдоочу адиси боюнча 1 жарым айлык кыска мөөнөттүү окуу курсу башталган. Алардын 2 тобу ийгиликтүү окууну аяктап, эми жумуш менен камыз болушат»,-деди Умар Бакиров.

Эми аталган медресе коомчулук арасында кесипчилик адисине суроо талабы өскөнүнө байланыштуу компьютердик жана ашпозчулук кесибин дагы кошо окутушмакчы. Окуу акысы жаңырган жылы белгилүү болмокчу.