«Жайыл Ата» мечитинин суу түтүгү борбордук канализацияга туташтырылды

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун «Жайыл Ата» борбордук мечитинин суу түтүгү Кара-Балта шаарынын борбордук канализациясына туташтырылды. Бул тууралуу аталган мечиттин имамы Айдар Молдалиев билдирди.

Анын айтымында, борбордук канализацияга туташтырыш үчүн жергиликтүү жамаат кызмат кылып, 130 метр аралыктагы арыкча казылып, 15 см өлчөмүндөгү түтүкчөлөр коюлду.

«Мурунку түтүкчөлөр кичинекей болгондуктан, улам-улам толо берчү. Ошол себептен жамаат менен кеңешип, ушул ишти баштаганбыз. Алла Тааламдын жардамы менен тез аранын ичинде баштаган ишибизди аягына чыгарып алдык. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей жамаатыбыз менен биргеликте каражат топтоп, баш аягы 80 миң сом жумшалды», — деди мечит имамы Айдар Молдалиев.